Кыргызстандык окуучулар 52-Эл аралык Химия олимпиадасында күмүш жана коло медалдарга ээ болушту

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары 52-Эл аралык Химия олимпиадасында ( ICHO 2020 ) күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.
Химия боюнча 52-Эл аралык олимпиадасы 2020-жылдын 23-29 июль күндөрүндө онлайн форматта болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 235 окуучу катышты.
Олимпиадага Кыргызстандын атынан 4 окуучу катышты. Быйыл окуучулар 5 сааттын ичинде 9 теоретикалык маселелерди чечишти. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу Кубанычбек Камиль күмүш медалга ээ болду. Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мамбетов Камил жана Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу Соодонбеков Нурсултан коло медалга татыктуу болушту.
Ар бир катышкан мамлекеттен экиден өкүл Эл аралык калыстар тобунун курамына кирет, алар өз кезегинде тапшырмаларды талкуулашып, аларды катышуучу үчүн ыңгайлуу болгон тилге которуп беришет. Эл аралык Химиялык Олимпиадага катышууну каалаган өлкө 2 жыл катарынан байкоочу болушу керек. Ар бир мамлекеттин курамасына эң көп 4 окуучу жана 2 насаатчы кириши мүмкүн. Бул олимпиада расмий түрдө окуучунун билим деңгээлин сыноочу олимпиада болуп саналат. Катышуучулар жаш курагы 20дан ашпашы керек жана студент болбоолору абзел.
Эл аралык Химиялык Олимпиададан байгелүү орунду ээлөө химия сабагын тандап алган окуучулар үчүн бул эң чоң жетишкендик, ошондой эле бул дүйнөдөгү алдыңкы ЖОЖдорго окуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү платформа болуп саналат.



