Коом
Кыргызстанда врачтардын 53 пайызы гана иштеп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда өлкөдөгү бүт врачтардын 53 проценти гана (7,3 миңи) иштеп жатат. Бул туурасында брифингде КР саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова билдирди.
Электрондук саламаттык сактоо Борборунун маалыматы боюнча жыл башында врачтардын саны 13 миң 790 киши, орто медперсоналдыкы — 33 миң 518 (50 проценти иштеп жатат), кенжесиники — 12 миң 508 ( 46 процент иштеп жатат) болчу.
Медиктердин 10-14 проценти тобокел тобуна кирет, дагы 10-12 проценти ооругандарына байланыштуу иштебей жатышат, деп кошумчалады Айгүл Бообекова. «Мындан тышкаары, медкызматчылардын бир бөлүгү отпускаларда: эмгек, камсыздалбаган жана бала багуу боюнча», — деп беглиеди ал.



