Коом

Быйыл медициналык факультеттерге көбүрөөк бюджеттик орун бөлүндү

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлер боюнча чоң суроо-талапты эске алды

Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен, КР ССМнын буйругу менен КММ академиясында бюджеттик орундар бөлүндү:

«Дарылоо иши» — 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» — 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» — 40, «Медайымдык иш»- 10 орун.

Ош мамлекеттик универтитети үчүн 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» — 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» — 20, «Педиатрия» — 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар:
«Эпидемиология» — 30 орун;
«Инфекциялык оорулар» — 22 орун;
«Микробиология» — 30 орун;
«Реаниматология» — 26 орун.

Ошондой эле, 2020-2021- окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү:

«Пульмонология» — 35 орун;
«Тез медициналык жардам» — 12 орун;
«Клиникалык лабораториялык диагностика» — 20 орун.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button