Коом
Коронавирус. Учурда Кыргызстанда 6 миңден ашуун адам ооруканаларда дарыланууда

Кыргызстанда ушул тапта коронавирус инфекциясы жугузуп алган 6 397 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, 1 504 кишиде вирус лаборатория аркылуу аныкталса, 4 893 бейтапта клиникалык-эпидемиялогиялык (пневмония) жол менен аныкталган.
«Аймактар боюнча айта турган болсок, Бишкекте 2 890, Ош шаарында 522, Чүйдө 599, Ысык-Көлдө 512, Ош облусунда 920, Баткенде 335, Жалал-Абадда 446, Таласта 71 жана Нарында 102 бейтап дарыланып жатат», — деди Акматова.
11-августка карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 40 445ке жетсе, анын 32 764ү айыкты. Тилекке каршы, 1 478 киши көз жумду.



