Коом

Колледждерге онлайн кабыл алуунун II туру уланууда

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 7-августтан тартып Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди онлайн кабыл алуунун II туру улантылып жаткандыгы тууралуу эскертет.

Коронавирус инфекциясына байланыштуу колледждерге кабыл алуу http://www.spuz.edu.gov.kg/ онлайн системасы аркылуу ишке ашырылат.

Документтерди онлайн тапшыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

1.  http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайтына кирүү;

2.  Орто кесиптик окуу жайлардын тизмесинен колледжди тандоо;

3.  Адистикти тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу зарыл;

4.  Арыздын бардык керектүү талаачаларын толтуруп, сканерден өткөрүлгөн документтерди: орто жалпы билими жөнүндө күбөлүктү же негизги жалпы билими жөнүндө аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек;

5.  Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келип, “Берилген арыздар” баскычын басуу менен өзүнүн орточо баллынын жыйынтыгын көрүүгө болот;

6.  Орточо баллды мониторингдөө үчүн абитуриент өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билүүгө тийиш;

7.  Абитуриент окождун сайтынан кабыл алууга сунушталгандардын тизмесинен өзүн текшерет;

8.  Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алат.

Сынак орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасы боюнча өткөрүлөт.

Эгерде бир орунга бирдей баллдарга ээ абитуриенттер талапкер болсо, окож алар үчүн кошумча сынактарды онлайн режиминде өткөрө алат.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин абитуриенттер 3 күндүн ичинде тандалган колледжде окууну каалоосун тастыкташы керек.

Кабыл алынган абитуриенттердин орто жалпы билими жөнүндө аттестаттарынын, негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөрүнүн түп нускалары 2020-2021-окуу жылынын башында кабыл алынат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button