Коом
Акыркы суткада коронавируска 310 адам чалдыгып, 3 бейтап көз жумду. Статистика

Бүгүн Кыргызстанда 310 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
▪️Бишкек — 99
▪️Ош – 16
▪️Чүй облусу – 15
▪️Ош облусу — 35
▪️Талас облусу – 9
▪️Нарын облусу – 8
▪️Ысык-Көл облусу – 55
▪️Жалал-Абад облусу – 54
▪️Баткен облусу — 19
Ушуну менен вирус илештирип алгандардын саны 41 069 болду.
Өткөн суткада өлкө боюнча 291 адам коронавирустан айыкты. Жалпылап алганда, Кыргызстанда 33 318 адам коронавирусту жеңди.
Ал эми акыркы суткада коронавирустан 3 бейтап каза болду. Мартта пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1 487 кө жетти.



