Саясат

Мурунку президент Атамбаевге карата чыккан өкүм күчүндө калтырылды

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаардык соту “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча өкүм чыгарды. Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыратууга жана үй-мүлкүн конфискациялоого чечим чыгарган. Мындан тышкары мурунку президент мамлекеттик наам-сыйлыктарынан да ажыратылган. Алсак, “Данакер” жана II-даражадагы “Манас” ордендеринен, “Даңк” медалынан жана президенттин атынан алган кол саатынан кол жууду. Андан тышкары өзүнүн жана жакындарынын үй-мүлкү конфискацияланат.

Атамбаевдин жана анын жакындарынын үй-мүлкүнүн тизмесине 5 транспорттук унаа, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы үйлөр жана жер тилкелери – жалпы 10 объект кирет. Андан тышкары “Медиа Форум” ачык акционердик коому жана бир нече Жоопкерчилиги чектелген коомдор, арасында “Форум”, “Автомаш-Энерго” жана “Апрель ТВ” да бар.

Өкүмгө ылайык, мурунку баш прокурор Индира Жолдубаева 5 миллион сом айып пул төлөсө, ЖАМКнын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажыратылып, бирок, абакта отурган мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.

Ал эми академик Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылган менен, кылмыш мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жаза колдонулган жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button