Коом
Коронавирус. 272 кишиден аныкталып, 2 бейтап каза болду

Бүгүн Кыргызстанда 329 адам коронавирустан айыгып үйүнө чыккан. Эпидемиологиялык абал турукташып келе жатканына карабай вирусту жаңыдан жуктуруп алып жаткандар болууда. Бүгүн өлкө аймагында дагы 272 киши, анын ичинде 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын Республикалык штаб кабарлады.
Аймактар боюнча:
- Бишкек — 47;
- Ош – 43;
- Чүй облусу – 24;
- Ош облусу — 28;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 10;
- Ысык-Көл облусу – 65;
- Жалал-Абад облусу – 34;
- Баткен облусу — 13.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 41 645ке жетти.
Акыркы суткада коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алды. Алар Ош жана Нарын облусунда катталган. Жалпысынан коронавирустан көз жумган кыргызстандыктардын саны 1 493кө жетти.



