Шайлоо-2020: «Реформа» партиясынын тизмесинде кимдер бар?

«Реформа» саясий партиясы бүгүн, 19-августта партиянын съездин өткөрдү. Анын алкагында партиянын программасы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.
Партиянын төрайымы Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова болсо, съезддин төрагасы Эрмек Нурбаев, катчысы журналист Азият Жекшеев болду.
Съезддеги коноктордун катарында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев, ишкер Эмил Үмөталиев, активист Өндүрүш Тотонасыров жана башкалар болду.
Талапкерлердин тизмеси (алдыңкы 20 орун):
1. Клара Сооронкулова;
2. Мирбек Маматкасымов;
3. Урмат Жаныбаев;
4. Манас Саматов;
5. Эсен Рысбеков;
6. Рита Карасартова;
7. Тилек Ахматов;
8. Эрулан Кокулов;
9. Назгүл Шекекова;
10. Кыялбек Калбаев;
11. Гүлгаакы Мамасалиева;
12. Эркин Нурбаев;
13. Азият Жекшеев;
14. Елена Воронина;
15. Банур Абдиева;
16. Эмил Сыдыков;
17. Акылбек Сариев;
18. Чолпон Абдрахманова;
19. Акжолтой Тукунов;
20. Сарвар Салимов.

Булак: АкиПресс



