Коом

Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып алууга кызыкдар

Айыл чарба продукциясын  экспортко чыгарууга шарт түзүү — Өкмөттүн артыкчылыктуу  багыты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы күзгү оруп-жыйноонун жүрүшү менен таанышкан учурда билдирди. 

«Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып алууга кызыкдар. Экспортко чыгарууга шарт түзүү үчүн заманбап лабораториялар ачылууда. Ошондуктан продукцияны жетиштүү көлөмдө өндүрүүгө көңүл буруу керек», — деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕАЭБге мүчө, мындан тышкары ВСП+ макамын алганын эске салып, бул мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн өндүрүү технологияларын жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады.

Муну менен катар Премьер-министр Жети-Өгүз районундагы фермерлер багып жаткан асыл тукум мал чарбачылыгын көрдү. 

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине дыйкан-фермерлер менен тыгыз  иш алып баруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button