Коом
Быйыл өлкөдө 75 кайра иштетүүчү ишкана жана соода-логистикалык борбор ачуу пландалган

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди:
- Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы — жеке ишкер Кубатбек Амантуров, тамак-аш азыктарын чыгаруучу цех,
- Нарын облусу, Нарын району, Эмгек-Талаа айылы — жеке ишкер Айжамал Мусабекова, айына 4 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүчү ишкана,
- Ысык-Көл облусу, Тоң району — тоют өндүрүүчү «Эрдик» ишканасы.
- Манас шаарында жаңы соода-логистикалык борбор катталды, кубаттуулугу 500 тонна, мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган. «Золотой Орех» ЖЧКсы.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын январь айында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 091,6 млн сом суммасында продукция өндүрүлгөн. Бул тармакта оң динамика байкалганын көрсөтүүдө.



