Саясат
Жээнбеков COVID-19 менен күрөшкө кошкон салымы үчүн бир катар жарандарды сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта, коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.



