Без рубрики

Бишкек — Ош жолунда автоунаа 60 метр бийиктиктен кулап, үч адам мерт кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында, тагыраагы, Бишкек — Ош унаа жолунда жеңил автоунаа кырсыктап, эки кыз жана 9 жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунаа Бишкек — Ош жолунун 449-чакырымына келгенде трассадан чыгып кетип, болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.

«Кырсыктын кесепетинен эки кыз жана тогуз жаштагы бала каза болуп, беш эркек адам ар кандай жаракат алышкан. Учурда баарынын аты-жөндөрү такталууда», — деп айтылат маалыматта.


Окуя болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу жана ИИМдин беш кызматкери барган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп бергени кошумчаланды.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button