Коом

УКМК Көлбаевдин адамдарына таандык аңчылык жайы мамлекетке өткөнүн билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети атайын операция маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевге жакын адамдарга таандык Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндөгү “Борбор Азия аңчылык клубу” жоопкерчилиги чектелген коому мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Атайын кызмат 15-январда билдиргендей, аталган ишкананын 76 миң 626,4 гектар жер аянты жана 37 млн. сомго бааланган курулуш объектилери болгон, анын баары мамлекетке өттү.

Анда Р.К. аттуу жаран Көлбаевдин көзөмөлү астында «Борбордук Азия мергенчилик клубунун” жерин коркутуу жолу менен төмөндөтүлгөн баада алганы айтылат.

Жер жана курулуш объектилери Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлүп берилген.

“Ал эми баалоо экспертизасынын жыйынтыгында “Борбор Азия аңчылык клубу” ЖЧКсынын бардык объектилеринин базар наркы 37 млн. сомдон ашык экендиги аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button