Саясат
Садыр Жапаров 2021-2026-жылдардын диний концепциясына кол койду

Президент Садыр Жапаров «2021-2026-жылдарга Кыргыз республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланган.
Маалыматка ылайык, жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо жана “Кыргыз республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамын ишке ашыруу максатында чыгарылган.



