Саясат

«Ата Мекен» партиясынын тизмесинен 1 талапкер чыкты

Кечээ, 7-сентябрда «Ата Мекен» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен Алымбеков Дастан Алымбекович чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

БШК мындай чечимди «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамынын 6-7-18-беренелеринин, 4-сентябрдагы «Ата Мекен» партиясынын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button