ВИДЕО: Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Германиядан келген туристтерге жардам беришти

Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан бийик тоолуу «Алтын-Арашан» капчыгайы өзүнүн кайталангыс жаратылышы, капчыгайда жайгашкан ысык булактары, кең карагайлуу токою жана ажайып кооз көрүнүшү менен акыркы жылдары чет элдик туристтерди өзүнө көбүрөөк тартып келүүдө.
Германиядан келген жубайлар Джон менен Мария дагы, бул көз жоосун алган аймакка саякатка барууну чечишкен. Саякат учурунда алар кичинекей көйгөйлүү маселеге туш болушту. Жол тандабастын кыймылдаткычы өчүп калып, оталбай калган. Көйгөйдү өз алдынча чечүү аракетинен майнап чыккан жок.
Бул учурда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери бекитилген маршрут боюнча кызмат өтөп жатышкан эле. Бузулуп токтоп калган унаанын жанында турган чет элдик туристтерди байкап, алар жардамга шашылышты. Туристтерден сурап, милиционерлер алардын токтоп калышынын себебин түшүнүшүп, унааны оңдоого киришкен. Көпкө узабай кемчилик четтетилип, унаанын кыймылдаткычы кайрадан иштей баштады.
Чет элдик туристтер милиционерлерге ыраазычылыктарын билдирип, сапарын улантышты. Ал эми тартип сакчылары бийик тоолуу «Алтын-Арашан» капчыгайындагы туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматын улантышты, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.



