Коом
Балбак Түлөбаев: Бала бакча, мектеп салып берем деген талапкерлерге ишенбегиле. Аларды өкмөт гана салат

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев чоң убадаларды берген талапкерлерге ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
«380 шайлоочусу бар айылга бир талапкер комбайн алып берем дептир. Баасы 7 млн сом. Эсептесем, ар бир шайлоочу 18421 сом болот экен. Бул бери жагы эле. ФАП, бала бакча, мектеп салып берем дегендерчи. Бир бала бакча бери дегенде эле 31 млн сом.
Кудайды карагыла. Бул алдоо, алданбагыла. Мунун баарын өкмөт кана сала алат»,- деп жазат ал.



