Коом
Видео: Биринин үстүнө бири чыккан адамдар. «Манас» аэропортунда 1000ге жакын адам кезекке турду

«Манас» аэропортунун паспорт көзөмөлдөө бөлүмүндө адамдар жык толуп, бири-бирине тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу окурман билдирип, видео менен бөлүшкөн.
Анын айтымына караганда, 4 өлкөдөн бир убакта конгон рейске байланыштуу залда чогулган адамдын саны 1000ге чукулдаган.
«Адамдар биринин үстүнө бири чыгып жатты. Кээ бирөөлөргө дем жетпей да кыйналышты. Паспорт текшерүү бөлүмүндө үч гана адам иштеди. Эмнеге аэропорт жетекчилиги бул нерсеге көңүл бурбайт», — деп кошумчалады ал.



