Окуялар

Билгендер кабарлашкыла! Бишкекте унаа коюп кетип көз жумган маркумдун жакындары изделүүдө

Бишкекте автоунаа коюп кетип, каза болгон кишинин ким экени беш күндөн бери такталбай жатат. Бул туурасында  Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 16-июль күнү саат 22.30да Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу Жибек Жолу проспекти менен бара жатып Ала-Арча көчөсүнө жетпей, болжол менен 40-45 жаштагы кишини коюп кеткен. Ал жараатынан улам өзүнө келе албай, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия борборунда көз жумган. Маркум азиат тектүү, чачы анча узун эмес, ак баскан, боюнун узундугу болжол менен 165-170 сантиметр экени айтылды.

Милиция аталган жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер же окуянын күбөлөрү болсо төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11-21-13, (0502) 22-24-12 и 102.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button