Коом
Электр энергиясы үчүн карызы бар 2700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүү пландалып жатат

«Түндүк электр» ишканасы электр энергиясы үчүн дебитордук карызы бар 2 700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүүнү пландап жатат. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Өчүрүү иштери 23-24-сентябрда жүргүзүлөт. «Түндүк электр» ыңгайсыздыктан жана жарыкты коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында төлөөгө чакырат.
Ошондой эле 9-17-сентябрь күндөрү дебитордук карызы бар 9 600 турак жайдын электр энергиясы өчүрүлгөнүн белгилейт. Ошондон кийин гана 8000 абонент карызын төлөгөн.
Жарык үчүн төлөмдөрдү «Кыргыз почтасынан», терминалдардан жана электрондук капчыктардан жүргүзүүгө болот.



