АКШнын окумуштуулары коронавирусту толук жок кыла турган молекуланы табышты

Питтсбург университетинин окумуштулары өтө аз дозировкада да коронавирусту толук жараксыз кылып кое турган дармек табышты. Ал коронавирустун S-белогу менен контактка кирет да, аны ичинен жок кылат, деп айтылат Cell журналына жарыяланган иликтөөдө. Бул тууралуу өткөн жумада Incrussia.ru жазып чыкты.
Табылган бул белок бирикмеси коронавируска каршы жасалып жаткан Ab8 дармегине колдонулган толук өлчөмдөгү антителадан 10 эсе кичине. Муну окумуштуулар коронавирустун S-белогу менен потенциалдуу контактка кирүүгө жөндөмдүү 100 миллиард молекуланы анализдөө жолу менен таап чыгышкан. Дал ушул S-белогу аркылуу патоген (вирус) организмге кире алат.
Окумуштуулар алынган дармекти лабораториялык жаныбарларды дарылоого пайдаланып көрүшүп, ал өтө минималдуу дозировкада да инфекцияга каршы эффективдүү күрөшөөрүн аныкташты.
Табылган бул зат ткандарда диффузияланууга[1] жөндөмдүү. Ушунусу менен ал вирусту ыкчам эле жарамсыз кылып коет. Ошол эле учурда бул молекулалар адамдын клеткасы менен байланышпайт, ушунун эсебинен кошумча эффектерди минималдаштырса болот, дешти окумуштуулар.
[1] Диффузия – молекулалардын, атомдордун бири-бирине өтүүсү.



