Коом
Жашыруун той токтотулду. Той өтүп жаткан тойканада электр жарыгы өчүрүлүп, ээсине айып пул салынды (ФОТО)

Кечээ, 23-сентябрда Жалал-Абад шаарында тойканаларга рейд жүрдү.
Маалым болгондой, вице-мэр Нуртилек Орозбаев баштаган топ бир катар той өткөрүүчү жайларды текшерүүгө алышты. Рейд учурунда «Достук» кафесинде 100дөн ашык адамдын катышуусунда үлпөт той өтүп жатканы белгилүү болду. Комиссиянын чечими менен тойкананын электр жарыгы өчүрүлүп, ээсине 3000 сом айып пул салынды.
Буга чейин өткөн аппараттык жыйында мэр Мураталы Тагаев коронавирус илдетинин экинчи толкунунун алдын алуу багытында рейддерди, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. Ага ылайык базарларда, тойканаларда рейддер өткөрүлүп, ооруну жайылтпоо чаралары көрүлүүдө.






