Медиктерге карата зомбулук үчүн 50-100 миң сом айып пул же 3-5 жылга эркинен ажыратуу каралууда

Медиктерге кол көтөрүп, сөгүп-саккандардын жоопкерчилигин күчөтүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Анда медиктерге карата зомбулук жана агрессия көбөйүп, бул олуттуу көйгөйгө айланганы, маселени чечүү үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгы белгиленген.
Эгер сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынса медиктерге карата начар мамиле үчүн (сөгүп-сагуу, адепсиз жүрүм-турум, тийишүү, уят нерселерди көрсөтүү) 10 миң сом айып салынат.
Медиктин ден соолугуна жеңил зыян келтиргендерге 50-100 миң сом айып салынат же айрым кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен түзөтүү иштерине тартылат.
Ал эми медиктерге карата жасалган бейбаштык үчүн 50-100 миң сом айып пул же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.



