Коом

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 10 үй курулду

Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда.

Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 млн сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

«Долбоор боюнча турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 6 бөлмөлүү 10 турак үй курулду. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн курулуш жумуштары 95 пайызга бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button