Коом

ЖАМК: Сапар Исаков менен Албек Ибраимов абакка кайткан жок

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов жазасын өтөп жаткан жерине келген жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Соттолгондор Сапар Исаков жана Албек Ибраимов жазасын өтөп жаткан мекемеге келишкен жок. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «жазасын өтөөдөн качуу» кылмышы боюнча катталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Исаков менен Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине («Соттолгондордун абактын аймагынан чыгышы») ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген.

Буга чейин ЖАМК аты аталгандар 13-октябрда саат 13:00гө чейин мурда жазасын өтөп жаткан мекемеге келери күтүлгөнүн  билдирген.

Эгер келбесе, аларга издөө жарыяланары айтылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button