Окуялар

Ысык-Көлдүн милициясы Казакстандын 24 жаштагы дайынсыз жоголгон жаранын издөөдө

25-сентябрда Ысык-Көл РИИБне Казахстан Республикасынын Кордай айылынын 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 24 жаштагы уулу Астанаев Ислам Исраилжонович, үстүбүздөгү жылдын июнь айынында Чоң-Сары-Ой айылында орун алган «Гуд-Лайк» пансионатына иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз жок болуп жатканын билдирген.

Арыз райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Териштирүү учурунда, дайынсыз жок болуп жаткан И. Астанаев, чындап эле «Гуд-Лайк» пансионатынын аймагындагы кафелеринин биринде иштегени аныкталган. Кафенин башчысынын айтымында, И. Астанаев кафеде «Адан» аттуу өзүнүн таанышы менен чогуу иштеп жүргөн. Июнь айынын аяк ченинде Ислам таанышын Аданды Бишкек шаарына чейин узатып койгонго суранып кетип, ошол мезгилден бери жумушка чыкпаганын маалымдаган.

Ысык-Көл РИИБи дайынсыз жоголгон Ислам Исраилжонович Астанаевдин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар адамдарды 102, (03943) 4-39-80, 0505233322 телефондору аркылуу райондук милицияга кабарлап коюуну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button