Коом

Курман айтта 10 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Курман айт майрамына карата Ички иштер министрлиги өздүк курамды күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрөт.

Мекеменин маалыматына ылайык, өлкө боюнча коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга 10 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Укук коргоо органдары мечиттерге, аянттарга, базарларга, эл көп эс алуучу жайларга, автожолдорго жана калктуу конуштардын кире бериштерине өзгөчө көңүл бурат.

ИИМде белгилешкендей, мындай чаралар майрамдык иш-чаралар учурунда кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу максатында көрүлүүдө.

Жарандарды коомдук тартипти сактоого, сак болууга жана шектүү буюмдар, адамдар же окуялар тууралуу дароо укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button