Нариман Түлеевдин Бишкек мэриясына кызматка келишин шаардыктар жакшы кабыл алышууда

Нариман Түлеевдин борбордун мэрлик кызматына келүүсүнө саясат таануучулар пикирлерин билдиришти.
Нариман Түлеевдин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматка келиши тууралуу көз карандысыз серепчи Марат Казакпаев жеке пикирин Vesti.kg маалымат агенттигине билдирген.
-Нариман Түлеевдин борбордук муниципалитетте чоң тажрыйбасы бар, ал учурунда Бишкек шаарынын мэри болуп да иштеген, — деди Марат Казакпаев.
Түлеевдин кызматка кайтып келиши тууралуу саясый серепчи Токтогул Какчекеев да жеке пикирин билдирген.
“Түлеевдин шаардын мэрлигине келиши анын мурдагы иштеген ишинин мыкты экенин көрсөтөт. Чындыгында Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турганда борбор тазаланып, жакшы жагына өзгөргөн. Ошондуктан анын бул кызматка дайындалышы алдыда боло турган шайлоого азыртадан даярдык жана жакшы аракеттер” экенин айтты Токтогул Какчекеев.
Эске салсак, бүгүн 20-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматтан кетип, анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Нариман Түлеев келди.
Ал эми Нариман Түлеевдин Бишкек шаарынын мэри болушун шаардыктан дайыма айтып келишкен. Себеби, Нариман мырза борбордун мэри болуп турган кезде бир топ жакшы иштерди аткарып, Бишкекти жакшы жагына өзгөрткөнү шаардыктардын эсинен кете элек. Бишкектин борборундагы кооздолгон гүлдөр, Ала-Тоо аянтындагы фонтан, жөө адамдар басчу жерге бруфчаткаларды жасоо ушул Нариман Түлеев мэр болуп турганда башталган. Борбордогу бир топ жолдор оңдолуп, асфальтталып, чоң трассага айланган. Бишкектин караңгы көчөлөрү жарыктатылган, Ата-Түрк паркына “фонтандар аллеясын” куруп, убагында каралбай калган парк көркүнө чыккан. Айта берсе Нариман Түлеевдин ошол кездеги борборго жасаган эмгеги чоң. Тилекке каршы, Нариман Түлеев кеткенден кийин бир топ жерлер каралбай калган эле.
Бишкек шаарынын эли Нариман Түлеевдин кайрадан шаар башчылыгына келишин кубаттап жатышат.
Фейсбук колдоонучусу Асель Айдаралиева да: «Нариман Түлеев келди, эми борбор кайрадан гүлбакчага айланат» деген пикирин калтырган.



