Коом

19-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

19-мартта Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ал күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

  • Темир жол тилкеси — М. Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
  • Темир жол тилкеси — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский туюк көчөсү — Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.

Суу «Көк-Жар» суу топтомосундагы пландык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button