Коом

COVID-19. Сутка ичинде 228 кишиден аныкталып, 4 бейтап каза тапты

Соңку бир сутканын ичинде өлкөдө 228 адамдан коронавирус аныкталып, ошол эле учурда оору жуктурган 186 киши айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ал эми илдетти жеңе албай Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир адам каза болду. Ушуну менен COVID-19дан ажал тапкандардын саны 1 582ге жетти.

Коронавирус катталган аймактар:

  • Бишкек шаары – 149;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 16.

Бүгүнкү санды кошкондо пандемия башталгандан бери 93 831 кыргызстандык COVID-19 жуктурганы белгилүү болду.

Учурда ооруканаларда 1 441 бейтап жатат. Алардын ичинен:

  • Өтө оор абалда – 63:
  • Оор абалда – 354;
  • Орточо оордукта – 1 013;
  • Канааттандырарлык абалда – 11.

Ал эми медицина кызматкерлеринин арасынан өткөн суткада беш кишиден коронавирус аныкталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button