Коом

Чет өлкөдөн машина ташыгандар бюджетке 82 млн. сом төлөбөй койгону аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматы ЕАЭБдин аймагына мыйзамсыз ташылган автоунаалардан бюджетке 81,7 миллион сом түшпөй калганын аныктады. Бул туурасында органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз ташып келинген 52 автоунааны аныкташты. Бул фактылар боюнча өлкө бюджетине келтирилген зыяндын суммасы 81 742 282 сомду түзөт.

Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө өткөрүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button