Коом
Бекешев накталай эмес төлөмдө карта иштебей калса, чыгымды банк тартыш керек дейт

Депутат Дастан Бекешев коомдук транспорттордо жол кирени накталай эмес төлөөгө өтүү боюнча пикирин соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Баарын накталай эмес төлөмгө өткөрүп жатышат. Бул жакшы!
Бирок эч ким эгерде накталай эмес төлөм иштебей калса эмне болоорун айткан жок. Акча убактылуу жеткиликтүү болбой калса, ким жоопкерчилик алат? Банктар мындайда четке чыга берет.
Мен накталай эмес төлөмдү колдойм, бирок ал иштебей калса банк жаранга төлөп бериши керек. Банктын айынан төлөм жүргүзө албадыңбы — бонус ал», — дейт Бекешев.
Эске салсак, Бишкекте коомдук транспорттор үчүн жол кире накталай эмес төлөнгөндө 40-50 сомдун тегереги болоору айтылган.



