Саясат

Садыр Жапаров Казакстан Президенти Касым-Жоомарт Токаев менен кызматташуу кадамдарын талкуулашты

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары талкууланды.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Казакстан менен саясий кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгендигине ишендирди.

Соңунда Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button