Садыр Жапаров тагдырдын оор сыноосуна чөкпөй, беттегенин бербей, айтканынан танбай, акыйкаттыкты талап кылды

2020-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунан кийин жаралган нааразычылык элдик толкундоолор менен коштолуп, жыйынтыгында экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан чегинип, өлкөнү башкаруу озуйпасы карапайым калктын жапырт колдоосунун артында үч жылдан ашуун камакта жаткан саясий туткун Садыр Жапаровго жүктөлгөн. Каржы каатчылыгы, эңшерилген экономика, COVID 19, тышкы карыз сыяктуу көйгөйлөрдөн тышкары болуп жаткан туруксуз кырдаалды жеке кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөн бир катар саясий топтор баш көтөрө баштаган маалда бийликке келген Садыр Жапаров жана анын командасы учурда эң оор жана жоопкерчиликтүү кадамдарга баруу менен мамлекетти жогорудагы көйгөйлөрдөн арылтуу үчүн алпурушуп жатат.
Ал арада, Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалып, бул саясий жараянга катышуу үчүн Садыр Жапаров да өзүнө жүктөлгөн милдеттерин убактылуу токтотту. Ушул себептерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жалпысынан 86 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан бул маалымат жыйынында Конституциялык реформа, геосаясат, тышкы карыз, каржы каатчылыгы, инвесторлордун келечеги, коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроолор басымдуулук кылды.
Барыбыз билгендей эле, октябрь окуяларынан кийинки баш аламандыкта бир пикирге келип, биргеликте иш жүргүзүүнү каалабастан, ар кимиси өз үйүрүнөн айгыр салууга далалаттанган кыргыз саясатчыларынын айрымдары бийликке келгенине бир ай араң болгон Садыр Жапаровдун наамына карата ар кандай жоромолдорду жоруп чыгып, сын айтып, көнүмүш адаттарына салып, популизм менен алектене башташты. Арийне, болуп өткөн жыйында Садыр Жапаров жогорудагы сындарды камтыган суроолордун дээрлик баарына ишенимдүү, так жана толук далилдер менен жооп берүүгө аракеттенгени, бул анын бийлик бутактарын ачык жана жарандарга жеткиликтүү кылууга болгон аракетинин эң биринчи жемиши экенинен кабар берди.
Айрыкча, жеке кызыкчылыктарынын баарынан бийик коюп, чийки чечимдерди кабыл ала коюшуп, элдин, өлкөнүн келечеги болгон кен байлыктарын ит бекер инвесторлорго кармата салып, ага каршы турган жергиликтүү тургундарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуп, үркүтүп келген мурунку бийликтегилердин алешемдигинин азабын азыр жалпы мамлекет тартып жатат. Себеби, өлкөдө баш аламандык орун алган учурда жаалданган эл ошол инвесторлорду куугунтукка алып, алардын материалдык-техникалык мүлктөрүн чыгымга учуратууга чейин барышты. Бул жагдай өз кезегинде маалыматтын жетишсиздиги жана эки тараптуу келишимдин Кыргызстандын пайдасына иштебегендиктен улам келип чыгууда. Ушундан улам, Кытай өз жарандарынын укугун коргоп, инвесторлорго болгон терс мамилени жөнгө салып, алардын коопсуздугун коргоону кыргыз бийлигинен талап кылып жатат. Өлкө бюджетинин толтурууда негизги факторлордун бири болгон соода-сатык, андан түшкөн киреше биздин башын тартсаң аягы ачылган эптеген экономикабызга эбегейсиз эле колдоо экени эч кимге жашыруун эмес. Жеген тамагыбыздан тартып чач тараган тарагыбызга чейин Кытайдан келип жаткан маалда ушуларды бетине кармаган Кытай бийлиги Торугарт жана Эркечтам бажы бекеттерин толук ачпай, анын кесепетинен миңдеген ишкерлер сызга отуруп, Дордой, Кара-Суу өңдүү ири базарлар жабылуу коркунучуна кептелип, доллардын куну өсүп, өлкөдө азык-түлүктүн жетишсиздигине, кымбатташына алып келди. Кезинде кимдир-бирөөлөрдүн кенебес мамилеси, жеке кызыкчылыгы учурда улуттун башына учтуу найза болуп сайылды. Бул жагдайды терең анализдеген Садыр Жапаров ар бир инвестор менен жекече иш жүргүзүп, аларды ар кандай “ортомчуларсыз” иштөөсүнө шарт түзүлөөрүн, айрым бир талаш жараткан жагдайлар боюнча кайрадан келишимдер каралып, эң башкысы табияттын тазалыгы жана жергиликтүү элдин кызыкчылыктары коргоолорун баса белгиледи. Демек, мындан кийин бийлик башындагылардын балдары, бажалары, балдыздары кимдир бирөөнүн бизнесине көмөктөшүп, анын акысына олчойгон “откат” алып, жок жерден эле жомоктогудай жашоого жетиши жокко чыгат. Бул, эл үчүн да, инвесторлор үчүн да эң сонун жетишкендиктердин бири болмок.
Ошондой эле, Кытай тышкы карыз үчүн Жетим-Тоо баштаган Кыргызстандын жерлерин тартып алабы деген суроого эч ойлонбостон так кесе жок деп жооп берген Садыр Жапаров тоо түгүл тоголок таш бербесин баса белгиледи. Кыргыздын жери, тоо-ташы, мөңгүсү, дарыясы, кум-ташы, табияты үчүн тикесинен тик туруп, чыркырап чындыкты айтып, оозун майлоо үчүн сунушталган миллиондордон баш тартып, жыйынтыгында саясия туткунга айланып, темир тордо жаткан үч жылдан ашуун убакытта Садыр Жапаров эң баалуу эркиндигин, алдейлеп баккан энесинен, ардактап баккан атасынан, бапестеп баккан баласынан айрылды. Ошого карабастан тикесинен тик туруп, беттегенин бербей, айтканынан танбай, акырына чейин акыйкаттыкты, калыстыкты талап кылып турду. Терең ойлонгон адам ушундан эле тыянак чыгарып, суроого жооп алса болот.
Мен бул макаламда Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында айтылган орчундуу суроолордун айрымдарына гана токтолдум. Мындан тышкары паракорчулукка каршы жүргүзүлуп жаткан күрөш, Конституциялык реформа, экономикалык каатчылык, кыргыз саясатынын мындан аркы жолу тууралуу айтылган айрым жоопторуна мезгил келсе дагы бир кенен токтолоорбуз. Ай араң толду. Айтылчу кеп али алдыда.
Таабалды Нурадылов, ардагер



