Коом

Кыргызстанда 2020-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны көбөйдү

2020-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны 19,4%га көбөйдү. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук крадиология жана терапия борборунун окумуштуу-катчысы Вера Зенцова билдирди.

Анын айтымында, карантин учурунда адамдар көбүрөөк тамеки тартып, туура эмес тамактанып жана активдүү жашоо образын азайтышты.

“Коронавирус ар бир үй-бүлөгө залалын тийгизди, айрымдары ооруду, айрымдарынын жакындары кайтыш болду. Мындан улам кээ бирлеринин стресстен кан басымы көтөрүлүп, айрымдары тамеки чегүүнү көбөйттү. Азыр өлкөдө көптөгөн эркектер орто жашка чейин жашабайт. Статистика боюнча өлкөдө ар бир экинчи эркек киши тамеки тартат. Ал эми пассивдүү тамеки чегүү мындан дагы коркунучтуу, бул — тамеки түтүнүн жуткан адамдар. Биз бийликке кайрылып, жарандардын тамеки түтүнү жок таза абада болуу укуктарын коргой турган мыйзам долбоорун колдоого чакырабыз”, — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button