Коом

Кыргызстанда балдардын саны 2 миллион 730 миңди түздү

Кыргызстанда жалпы калктын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын 17 жашка чейинки балдар түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башына карата балдардын саны 2 миллион 730 миңди түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 15 миңге (0,6 пайызга) көп. Анын ичинен 1 миллион 403 миң адам (51 пайызы) эркек балдар жана 1 миллион 327 миң адам (49 пайызы) кыздар.

Аймактар боюнча эң жогорку көрсөткүч Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында байкалса, эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында катталган.

2025-жылы өлкөдө 140 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен дээрлик 72 миңи эркек бала жана 68 миңден ашыгы кыздар.

Тектеш кабарлар

Back to top button