Имараттардын сейсмотуруктуулугун текшерүү үчүн 40 млн сомдук жабдуу сатылып алынды

Акыркы үч жылда Кыргызстанда имараттардын сейсмотуруктуулугун текшерүүгө арналган заманбап жабдууларды сатып алууга 40 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.
Анын айтымында, буга чейин курулуш конструкцияларынын сапаты жана бекемдиги негизинен Кашкаров балкасы менен кол менен текшерилчү. Азыр болсо ультраүндүк жабдуулар аркылуу дубалдын ичин толук көрүүгө, арматуранын бар-жогун аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
2024–2025-жылдары адистер 1 100 объектти текшерип, алардын ичинен 59 имараттын техникалык абалы талаптарга жооп бербестигин аныкташкан.
Ошондой эле 2024-жылдын январында Бишкекте болгон 4,5 баллдык жер титирөөдөн кийин 67 имарат текшерилип, эч кандай жарака же бузулуу табылган эмес.



