Окуялар
Кара-Балтада вице-мэр жана ишкана директору кармалды

УКМК Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты аныкталганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаардык мэриясына караштуу «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын директору Э.М.У. шаардын вице-мэри К.А.У. менен сүйлөшүп алып, муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү бюджеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен кум-шагыл аралашмасын жана битумдук асфальтты жеке жактарга мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында аталган кызмат адамдары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.



