Коом

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорулар үчүн оорукана ачылды

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорукана ачылып, колдонууга берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары колдонууга берилген. Пандемия маалында зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп – түзөө , жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды.

Учурда толук бүткөрүлүп, жабдылган портативдуу рентген да орнотулган оорукана, коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button