Коом

Жамгыр жаайт. 5-июлга карата аба-ырайы

Шаршембиде көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө, Талас аймагында +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23…+28 жана Нарын жергесинде +20…+25 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30, Ош калаасында +34…+36, Чолпон-Ата шаарында +21…+23 градус болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button