Коом
Ысык-Атада балыктардын жапырт өлүмүнүн себеби аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ысык-Атада балыктардын жапырт өлүмүнүн себеби аныкталганын маалымдады.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, 13-августта Ысык-Ата районунун Киров айылындагы «Новое озеро» балык чарба көлмөсүндө балыктар жапырт өлгөнү тууралуу маалыматтар чыккан.
Санитардык-бактериологиялык текшерүүнүн жыйынтыгыгында аталган суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөр аныкталды. Бул төмөнкү терс таасирлерге алып келиши мүмкүн:
- кычкылтек жетишсиздиги: бактериялар жана органикалык калдыктар кычкылтекти азайтат, бул гипоксияга алып келет;
- метаболизмдин бузулушу: аммиактын жогору деңгээли жабрларга жана ички органдарга терс таасир берет;
- экологиялык тең салмактын бузулушу: суунун микрофлорасы жана азыктык чынжыр бузулат;
- балык запастарынын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү.
Мындай жыйынтык суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербей турганын айгинелейт. Анализдер суунун бактериалдык жана химиялык булганганын тастыктайт. Бул балыктарга жана жалпы экосистемага олуттуу коркунуч жаратат.



