Окуялар

Чүйдө үй өрттөнүп 1 адам каза болду

Чүйдө үй өрттөнүп, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда үйдун от жагуучу бөлмөсү күйүп кетип, анын кесепетинен 1957-жылы төрөлгөн К.В. аттуу киши каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button