Коом

Колледждер үчүн Регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясы бекитилди

Кыргы Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги орто кесиптик окуу жайлар үчүн сунуштарды эске алуу менен Регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясын бекитти.

Аталган методология КР БИМдин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан иштелип чыкты жана орто кесиптик окуу жайларга көрсөтүлүп жаткан билим берүүчү кызматтардын суроо-талапка ылайык келүүсүн жогорулатуу максатында эмгек рыногунун керектөөлөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоодо көмөк көрсөтүүгө багытталат.

Регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясы пилоттук колледждер/Алдыңкы тажрыйба борборлорунда апробацияланган.

Методологиянын максаты — көндүмдөргө окутуу боюнча сапаттуурак жана суроо-талапка ээ сунуштарды пландоо жана ишке ашыруу үчүн орто кесиптик окуу жайларынын регионалдык эмгек рыногунун керектөөлөрүнө реакция кылуу механизмин түзүү.

Колледждерге эмгек рыногундагы суроо-талапка жана сунуштарга сереп жана баалоо жүргүзүүнүн үч ыкмасы сунушталат, алар квалификацияларга жана көндүмдөргө карата керектөөлөрдү өздөштүрүүдө колдонулушу мүмкүн, бирок регионалдык эмгек рыногунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен:

  • региондорду өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эмгек рыногундагы квалификацияларга жана көндүмдөргө болгон керектөөлөр жөнүндө маалыматтын булактарына сереп жана талдоо жүргүзүү;
  • бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна байкоо жүргүзүү;
  • региондогу иш берүүчүлөрдү түздөн-түз сурамжылоонун негизинде жумушчу күчкө болгон керектөөлөр жөнүндө маалыматты талдоо.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button