Коом

Ош шаарында жайгашкан Ички иштер министрлигинин горнизондук разводу болуп өттү

Бүгүн 30-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаӊы жыл алдындагы Ош шаарындагы ички иштер органдарынын горнизондук разводу жана саптык кароосу болуп өттү. Бул иш чара Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги М.С. Боронов жана кызмат, бөлүм жетекчилери катышышты.

Бул иш чара учурунда өздүк курамдын жаӊы жыл алдындагы кызматка ар тараптуу  даярдыгы текшерилди, жаӊы аткарылуучу милдеттер коюлуп, укуктары эскертилди.  Ар бир кызматкерлер менен жетекчиликтин өкүлдөрү сүйлөшүп, аныкталган айрым кемчиликтерди тез арада жоюу милдеттендирилди.

Өздүк курамды жаӊы жыл майрамы менен куттуктоо менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги өздүк курамга жарандарга сылык мамиле жасоо менен кызматтык милдеттерди так аткарууну буюрду: «Кызматтык милдетти аткарууда ар бир жаранга сылык мамиле жасап,  ар тараптуу жардам көрсөтүүнү колго алгыла. Мыйзамдын ьалаптарын бузгандарга мыйзам чегинде токтоосуз чара көрүү керек. Ошол эле мезгилде Силер тараптан кандайдыр бир  кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту сактоо так аткарылышы керек» деди шаардык милиция башчысы.

Иш чара салтанаттуу жүрүш менен жыйынтыкталды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жаӊы жыл майрамдары күчөтүлгөн тартипте иштешет. Милиция кызматкерлерине коомдук тартипти сактоодо элдик кошун мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жардам беришет.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button