Коом

Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар качан ачылат. Мэриянын жообу

Бишкекте 18-январдан тарта айрым мектептер кадимки режимде иштей баштайт. Ал эми 20-январда бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаада эпидкырдаал турукташып калды. Буга байланыштуу билим берүү мекемелеринин ишин жандантуу чечими кабыл алынды. Бишкектин башкы санитардык дарыгери окуу процессин этап-этабы менен жандантууну колдогон.

Бала бакчалар 20-январдан тарта иштей баштайт.

«18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык негизде отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт. Мындай форматта 1-февралга чейин окушат. Ал эми эпидемиологдор кырдаалга көз салышат», — дешти мэриядан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button