Акыркы маалыматтар: 969 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 14 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус дагы 969 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
Бишкек шаарында – 611,
Ош шаарында – 6,
Чүй облусунда – 86,
Ош облусунда – 22,
Талас облусунда – 18,
Нарын облусунда – 20,
Ысык-Көл облусунда – 59,
Жалал-Абад облусунда – 88,
Баткен облусунда – 59 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 1616 адам илдеттен сакайды,.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 8,
Чүй облусунда — 3,
Нарын облусунда — 1,
Ысык-Көл облусунда — 2 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 935 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 272 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 11, ал эми үй карантининен 23 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 378 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 685 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 159 миң 89 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 138 миң 316 киши айыгып чыкса, 2 миң 275 адам каза болду.



