УКМК төрагасы КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйындарына катышты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылдын 16 жана 17-октябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин кезектеги жыйындарына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө КР УКМК башчысы баяндама жасап, анда КМШ аймагындагы коопсуздукка коркунучтар жана аларды зыянсыздандыруу боюнча биргелешкен чараларга токтолду.
Иш сапарынын алкагында Камчыбек Ташиев КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен да бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чек ара кызматташтыгына жана чек арадагы окуялардын алдын алууга багытталган биргелешкен чараларга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуулардын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыздоодо биргелешкен иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган макулдашылган чечимдер кабыл алынды.



