Саясат
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымдады.
Анын айтуусуна караганда, 27-январда Конституциялык кеңешме расмий түрдө өз ишин токтотту.
«Көптөгөн сунуштар жана ойлор айтылды. Алардын барын протоколго киргизип, дагы бир-эки күн иштеп, андан соң акыркы вариантты Жогорку Кеңешке беребиз. Конституция — бул мамлекеттин негизги документи. Бул абдан чоң жана татаал иш экен, аны татыктуу аткарганга аракет кылдык», — дейт ал.
Бөрүбашев өз сөзүндө Конституциялык кеңешменин 67 мүчөсү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, өз добуштарын бергендигин кошумчалады.