Коом

Садыр Жапаровдун митингине келгендердин асмандан тартылган сүрөтү

Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду колдоп митингге келгендердин асмандан тартылган сүрөтү жарыяланды.

Анда 900дөй киши чогулганын боолголоого болот. Чогулгандар негизинен Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышууда.

Бүгүн Ички иштер министрлиги митинг учурунда жаңжал салып, тартип бузгандарга карата катуу чара көрүлө турганын маалымдаган. Андан сырткары Садыр Жапаров өзү митинг учурунда чагымчылдар боло турганын билдирип, митингге чыкпоону тарапташтарынан өтүнгөн.

Митинг азырынча тынч өтүүдө. Милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button